Орусия акыркы бир жума ичинде Кыргызстандан ташылган 125 тоннадан ашык жашылча-жемишти артка кайтарды. Буга «азыктардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербейт» деген жүйө келтирилүүдө.
Жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана айыл чарба тармагындагы адистер бул үчүн өкмөттү айыптап жатышат. Ал эми айыл чарба министрлиги ишкерлер сертификат албай, өз өндүрүмүн экспортко өз алдынча жөнөтүп жатканын айтууда.
«Россельхознадзор» федералдык кызматы берген маалыматка караганда, өткөн аптада Оренбург облусунда Кыргызстан менен Казакстандан ташылып бараткан 116 тоннадан ашык жашылча-жемиш «фитосанитардык сертификаттары жараксыз» деген жүйө менен өткөрүлгөн жок. Ал эми орус-казак чек арасында токтотулган жүктүн 56,72 тоннасы Кыргызстандан чыккан өрүк менен сарымсак, калганы казакстандык дыйкандардын коону менен жүзүмү болгон. Ага чейин 28-29-июлда Новосибирск облусуна жөнөтүлгөн 57 тоннадан ашык өрүк «мыйзамсыз ташылып бараткан» деген негизде Кыргызстанга кайтарылган.
30-июлда да орус тарап «маркирленген эмес жана фитосанитардык сертификаты туура эмес» деп, Кыргызстандан бараткан жалпы салмагы 11 тонналык, курамына кургатылган жемиш, өрүк кагы, мейиз, грек жаңгагы жана сейдана кирген жүктү өткөрбөй койду.
«Россельхознадзор» карантинге алынган азыктарда анын аталышы, кай жактан чыгарылганы, сапаты, экспорттоочу жана реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалыматтар, маркирлөө болушу милдеттүү экенин эске салды. Ошентип, бир жума ичинде Кыргызстанга кайтарылган азыктардын көлөмү 125 тоннадан ашты. Жашылча-жемиш, сүт жана эт азыктары артка кайтарылган учурлар буга чейин дагы катталган.