• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Орусия Кытай базарына чыгуу үчүн темир жол курууга $31 млрд. бөлүүнү пландоодо

1 Баш оона 2022 16:16 Бишкек Govori.TV

Орусия 2030-жылга чейин Казакстанда, Монголияда жана Кытайда темир жол куруу үчүн 30,8 миллиард доллар бөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы Орусиянын Транспорт министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, бул каражатка Орусиянын аймагында 369 чакырым, Казакстанда, Монголияда жана Кытайда 3000 чакырым темир жол, ошондой эле Орусиянын чек арасына жаңы үч темир жол өткөрмө бекетин куруу пландалууда. Билдирүүдө конкреттүү долбоорлор аталган эмес, бирок кеп «бери дегенде эле жети ири масштабдагы курулуш» жөнүндө болуп жатышы мүмкүн.

«Ведомости» ири долбоорлордун бири Транссибирь магистралын Кытай менен бириктире турган Орусия – Монголия – Кытай транспорттук коридору болушу мүмкүн экенин жазды. Дагы бир долбоор боюнча Монголиянын Зуунбаян станциясынан Кытайдын чек арасына чейин 226 чакырым темир жол куруу каралууда. Казакстанда Кытайдын чек арасына чейин 270 чакырымга созула турган Аягоз – Бахты транзиттик жолун куруу пландалууда.

Орусиянын Транспорт министрлиги ошондой эле Амур облусундагы Жалинда – Мохэ чек ара бекетин кайра падалана баштоо үчүн Забайкалье крайында Кытайга өтө турган темир жол өтмөгүн курууну сунуштоодо. Бул Орусия менен Кытайдын ортосундагы жүк ташууну 1 миң чакырымга кыскаратат деп күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Кытай Орусиянын ири соода өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет. Орусия Кытайга импорттогон товарлардын көпчүлүк бөлүгүн мунай, жаратылыш газы, көмүр, жез, тактай жана деңиз азыктары түзөт.

Ал ортодо Украинада согуш башталгандан кийин Европа өлкөлөрүнө көмүр экспортун көбөйткөн Казакстан Орусияны айланып өтө турган альтернативдүү темир жол каттамдарын өнүктүрүү үчүн Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 105 миллион доллардан ашык каражат алды. Согушка чейин Кытай менен Европа биримдигинин ортосундагы жүк ташуунун 95% Казакстан, Орусия жана Беларус аркылуу ишке ашып келген.

Количество просмотров: 250