• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Орусия менен Украина делегацияларынын кийинки сүйлөшүүсү беларус-поляк чек арасында өтөт

1 Жалган куран 2022 9:33 Бишкек Govori.TV

Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча украин жана орус делегацияларынын 28-февралдагы сүйлөшүүсү аяктады.

BELTA агенттиги украин президентинин кеңешчиси Михаил Подолякка шилтеме кылып, тараптар Украинанын аймагында ок атууну токтотуу үчүн айрым чечимдер боюнча такташып, «консультация үчүн борбор шаарларына кеткенин» билдирди.

Өз кезегинде президент Владимир Путиндин жардамчысы, сүйлөшүүгө Орусиянын делегациясын жетектеп барган Владимир Мединский беш сааттын ичинде алар бардык маселелерди сүйлөшкөнүн, айрым маселелерде тил табышууга жакындашканын айтты.

«РБК-Украина» басылмасы тараптар эми сүйлөшүүнүн экинчи айлампасында кездешерин, ал жакынкы күндөрү беларус-поляк чек арасында өтө турганын жазды.

Количество просмотров: 185