• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Орусия парламентинин YouTube каналы жабылды

11 Чын куран 20229:10 Бишкек Govori.TV

YouTube Орусия Мамлекеттик Думасынын каналын жапты. Мунун себеби АКШнын Орусияга салган санкциялары экени айтылды.

Мамлекеттик Думанын «Дума ТВ» аталышындагы YouTube каналына 145 миңден ашуун аккаунт катталып, жайгашкан видеолору жалпысынан 100 миллиондон ашуун жолу көрүлгөн.

Ал эми Мамлекеттик Дума мындай болорун башынан эле сезип, ага алдын ала даярданып келишкенин маалымдады.

«Биз даяр болчубуз. Башка тармактарда, тагыраагы, RuTube, VKontakte, Telegram каналдары аркылуу иш жүргүзө беребиз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 75