• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Орусия: Убактылуу кармоочу жайдагы тажик мигранттары бийликтен жардам сурады

31 Баш оона 2022 17:47 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургдун четиндеги «Красное село» убактылуу кармоочу жайда отурган ондогон тажик жараны ал жактагы шарттын өтө начардыгына даттанышты. Алардын баары Орусияда жүрүү эрежесин бузганы үчүн кармалган.

Тажик мигранттары 29-августта «Озоди» радиосуна жөнөткөн видеокайрылууда бир айдан ашык убакыттан бери киши чыдагыс шартта жашап жатышканын айтышкан.

«Замандаштарыбыздын бири 60 жашта, ага өтө кыйын болуп жатат. Дагы бирөө кургак учукка чалдыккан, ал дайыма жатат. Бул жерде шарт өтө начар. Биз Тажикстан бийлигинен көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз. Биз эч кимди өлтүргөн эмеспиз, каттообуз жоктугунан кармап кетишкен”, — деген мигранттардын бири.

«Красное село» убактылуу кармоочу жайында Тажикстандын 50дөй жараны кармалып турат. Жергиликтүү бийлик кармалгандардын каттоосу, иштөөгө уруксаты жоктугун, ошондуктан алар мекенине депортация болорун билдирди.

Тажикстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу тажик мигранттарынын жагдайы белгилүү экенин, бирок алар өлкөдөн соттун чечими менен гана чыгарыларын кабарлады.

«Биздин кызматкерлер бул тергөө абагына үч айда бир жолу гана кире алат. Шарт өтө катаал, бирок түрмөнүкүндөй эмес. Аларды тамактандырышат, жата турган жери бар, телефон менен сүйлөшүүгө уруксат беришет. Биздин мигранттар кээде туура эмес иштерди жасашат», — деди Тажикстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулу Хомиджон Назари.

Акыркы бир нече жылда Орусиядан 300 миңден ашуун тажик мигранты депортацияланды. Укук коргоочулар көп учурда орус бийлиги эч кандай мыйзам бузбаган мигранттарды деле өлкөдөн чыгарып жиберерин айтып келишет.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 157