• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орусия жана Казакстанга аткезчилик жол аркылуу тамеки ташыган жаран кармалды

3 Аяк оона 2019 12:18 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) кызматкерлери кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 1-сентябь күнү А.И. аттуу Кыргызстандын жараны башкарып бараткан Mercedes Sprinter унаасынан акциздик маркасы жок ар кандай маркадагы 79 коробка сигарет чыккан. Табылган сигареттердин баары А.Б. аттуу Кыргызстандын жаранына таандык экени аныкталган.

« А.Б. аттуу жаран 2017-жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматынын, салык кызматынын жана финполдун кызмат адамдары менен өз ара сүйлөшүп алып, жакынкы чет өлкөлөргө, Орусия жана Казакстанга аткезчилик жол аркылуу тамеки ташып, сатып келген. Шектүүнүн Бишкек шаарындагы кампасы атайын текшерүүгө алынып, анда акциздик маркасы жок ар кандай аталыштагы 5000ден ашык коробка (ар биринде 500 пачка сигарет) табылды”,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 64