• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Орусияда 5 жашар кыздын сабалышына кыргызстандык адам шектелүүдө

1 Үчтүн айы 202115:29 Бишкек Govori.TV

Москва шаарынын түштүк-чыгышында жайгашкан батирде 5 жаштагы кыз токмоктолду. Бул тууралуу «ТАСС» агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалымат боюнча, кызды сабаганга Кыргызстандан барган адам шектелүүдө.

«ТАСС» басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берип билдирген маалымат боюнча, жабырлануучу баш мээсинен, башынан жаракат алып, далысы сынган. Бетинде да жаракаттар бар.

Окуя 29-декабрда жабырлануучу жашаган батирде болгон. Шектүү адам жабыркаган кыздын апасынын тууганы. Учурда жабырлануучу ооруканада. Иш козголуп, окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Количество просмотров: 489