Москвада кыргызстандык жаран өзү менен жашаган аялды токойго алып барып сабап, зордуктап, окуяны видеого тартып алган. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактарга жазды.
«Алар чогуу жашап баштагандан көп өтпөй, эркек киши аялды токойго алып барып сабап, зордуктап, баарын видеого тартып алган. Ал видеону социалдык тармактарга жана чаттарга тараткан”, — деди Молдокматова.
Чогуу жашаган эркек киши менен аял экөө тең Орусиянын жарандары экени белгилүү болду. Молдокматова Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык полицияга арыз жазуу керектигин белгиледи.