• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусияда бейөкмөт уюмдардын ишин токтотуу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

15 Теке 20209:45 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Мамлекеттик Думасы АКШдан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишин токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, Юстиция министрлиги Орусияда саясий ишмердүүлүк менен алектенген же “мамлекеттин зыянына” иштеген программа, долбоорлорду ишке ашырган коммерциялык эмес уюмдардын ишин да токтотууга укуктуу.

Мыйзам долбоорунун автору Андрей Луговой — сайттарды сотко чейин жабууга уруксат берген “эгемен интернет” мыйзамынын да авторлорунун бири. 2015-жылы президент Владимир Путин Луговойду “Ата Мекенге кызматы үчүн” медалы менен сыйлаган.

Британ бийлиги Луговойду 2006-жылы өлтүрүлгөн Александр Литвиненконун өлүмүнө тиешеси бар деп эсептейт.

Количество просмотров: 110