• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Орусияда бюджеттик кызматкерлерге айфон колдонууга тыюу салынууда

13 Аяк оона 2023 18:02 Бишкек Govori.TV

Орусияда клиникалардын жана ооруканалардын кызматкерлерине iPhone телефондорун колдонууга тыюу салынууда. Бул чектөө айдоочуларга, тазалык жана башка тармакта иштеген кызматкерлерге да тиешелүү.

Айфондорду орусиялык же кытайлык смартфондорго алмаштыруу сунушталууда. Жетекчилик ошондой эле кызматкерлерге GPS жана Bluetooth колдонууга да тыюу салууда. Мындан тышкары WhatsApp, Skype же Viber сыяктуу популярдуу мессенжерлерди да колдонууга болбойт.

1-июнда ФСБ америкалык чалгын кызматтары Apple мобилдик түзмөктөрүн колдонуу менен орусиялык дипломаттардын миңдеген телефонуна хакердик чабуул жасаганын билдирген. Мындан соң бийлик министрлер, вице-премьер-министрлер жана өкмөттүк жыйындардын башка катышуучуларына iPhone телефондорун колдонууга тыюу салган. Ушундай эле тыюулар Орусиянын бардык министрликтерине жана мамлекеттик мекемелерине жайылды. Кореяда чыгарылган Samsung аппараттарына да бейрасмий түрдө тыюу салынууда.

Количество просмотров: 69