• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусияда дагы 100гө жакын тажик мигранты кармалды

25 Бугу 2023 9:19 Бишкек Govori.TV

23-май күнү кечинде Москва облусунун Котельники шаарындагы полиция бөлүмүнө 100гө жакын тажикстандык мигрант жеткирилди.

Күбөлөрдүн айтымында, эмгек мигранттары шаардагы тажикстандыктарга таандык кафелердеги рейддердин жүрүшүндө кармалган.

«Ошол эле түнү 30га жакын мигрант депортацияланды. ОМОН кызматкерлери бизге орой мамиле кылып, кемсинтип, Украинага окоп казууга жөнөтүү керектигин айтышты», – деди кармалган мигранттардын бири.

Ал учурда Котельники шаарындагы тажик кафелеринде кардарлар жок экенин, бул окуядан кийин мигранттар көчөгө чыгуудан коркуп калышканын кошумчалады.

Орусиянын бийлиги тажикстандык мигранттарга каршы рейддер жана аларга карата жасалып жаткан катаал мамиле боюнча маалымат берген жок. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги да бул боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Буга чейин «Озоди» радиосу акыркы апталарда Орусияда тажик мигранттарына карата рейддер күчөгөнүн кабарлап, аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканы тартылган бир нече видеотасманы жарыялаган.

Орусиянын бийлиги 17-майда Москва облусунун Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын «ээн баштыгын» токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон. Алар шаарда «тажик анклавы» түзүлгөнүн жана «жашоо кооптуу болуп калганын» айтышкан.

Апта башында Котельники шаарында 300дөн ашык тажик жараны кармалганы кабарланган.

23-майда Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында билим алып жаткан тажикстандык студенттер ОМОН тарабынан катуу сабалганын билдиришкен.

Количество просмотров: 64