Орусиянын Зеленоград шаарында 43 жаштагы кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 26-июль күнү болгон. 43 жаштагы кыргыз жараны жана аны менен бирге эс алып жүргөн адамдардын ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыккан. Андан улам ал ур-токмокко алынып, андан соң аны ошол жерге таштап кетип калышкан. Анын жерде кароосуз жатканын көргөн тургундар «Тез жардам» чакырышып, Зеленоград шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жатып, эсине келе албай 31-июль күнү набыт болгон.
Бул окуя боюнча Зеленоград шаарынын тергөө комитети иш козгоп, тергөө иштери жүргузүлүүдө.
Ал эми Улан Кошматов учурда шектүүлөр кармала электигин жана маркумдун сөөгү 2-август күнү Москва-Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөнүн кошумчалады.