• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Орусияда эс алуу күндөрү 30-апрелге чейин созулат

3 Чын куран 2020 9:29 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө апрель айын толугу менен эс алуу деп жарыялады. Бул чечимди президент элге видео кайрылуусунда билдирди.

Анда өлкө боюнча апрель айын иштебей турган күндөр деп жарыялады. Эс алып аткан учурда мамлекеттик кызматчы-жумушчулардын айлык акысы сакталарын билдирди.

Эске салсак, буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусиянын бардык аймагына 30-марттан 5-апрелге чейин эс алуу күнү деп жарыяланган. 3-апрелге карата Орусияда 3548 адам коронавирус жуктуруп, 30 адам каза болгону аныкталган.

Количество просмотров: 154