Бүгүн Орусияда бир жылдан ашуун убакыттан бери камакта отурган, тыңчылыкка айыпталган америкалык журналист Эван Гершковичти 16 жылга эркинен ажыратылган өкүмү чыкты.
АКШга мурдагы Советтер Союзунан көчүп барган иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулган Гершкович «кансыз согуштан» бери Орусияда тыңчылыкка айыпталып жаткан алгачкы америкалык журналист.
The Wall Street Journal жана АКШ өкмөтү 32 жаштагы Гершкович расмий уруксат алып, өзүнүн кесиптик милдетин аткарып гана иштеп жүргөн кабарчы болгонун белгилеп, айыбы жок деп жатышат.
Бирок, Орусиянын Башкы прокуратурасы: «Тергөөчүлөр Wall Street Journal гезитинин кабарчысы америкалык Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) суроосу боюнча 2023-жылы март айында аскер техникасын өндүрүүчү жана оңдоочу «Уралвагонзавод» өндүрүш ишканасынын ишмердигине байланышкан купуя маалыматты чогултуп жүргөнүн аныктап, документалдуу түрдө тастыкташты», — деп билдирген.