• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Орусияда иске ууланып каза болгон 6 тажикстандыктын өздүгү аныкталды

27 Үчтүн айы 2022 16:31 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Волгоград облусунда иске ууланып каза болгон тажикстандык 6 мигранттын өздүгү аныкталды.

Маалыматка караганда, алар Тажикстандын Жайхун районунун жана Бохтар шаарынын 20 жаштан 37 жашка чейинки курактагы тургундары болушкан. Волгограддагы тажиктер коомунун төрагасы Саидахмад Махмадов аймактагы Рахинка айылындагы күнөсканада иштеген мигранттар 26-январга караган түнү иске ууланып каза болгонун билдирди.

«Күнөсканада бензин генератору иштеп турган. Андан чыккан газ түз эле күнөскананын ичине тараган. Алгач мигранттардын бири араба алуу үчүн күнөсканага кирип, тумчугуп чыга албай калган. Андан соң биринин артынан бири кирип жатып алты мигрант өлгөн. Жетинчи мигрант тирүү калган, ал азыр ооруканада дарыланып жатат», — деди ал.

Орусиянын бийлиги тажикстандык алты мигранттын өлүмү боюнча тергөө иштери башталганын билдирди. Алардын айтымында, тажик жарандары Орусияда мыйзамдуу иштеп жүрүшкөн, бирок » күнөсканада иштөөдө коопсуздук чараларын сакташкан эмес». Тажикстандын расмий маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Орусияда иштеп жүргөн тажик жарандарынын саны жарым миллионго жетет. Ошол эле маалда Орусиянын расмий адамдары өлкөдө 1 миллиондон ашык тажикстандык бар экенин билдирип келишет.

Количество просмотров: 97