Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында үч наристе иске ууланып чарчап калды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3-февралда Өзгөн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө иске ууланган келин балдары менен айылдык ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабар түшкөн.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 26 жаштагы К. кызы. Б., аттуу келин жана анын 4, 3, 1 жаштагы кыздары өздөрү жашаган үйүндө көмүрдүн исине ууланышкан. Келин айылдык ооруканага жеткирилип, кыздары чарчап калган. Окуя боюнча күбөлөр суралган.
Чарчап калган жаш балдардын жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.