• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Самаркандда үч киши иске ууланып каза болду

26 Тогуздун айы 20239:04 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Акдарыя районунда үч киши иске ууланып каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы 25-октябрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 15-октябрда «Тараккиет» аттуу кичи райондогу үйлөрдүн биринде катталган. Каза тапкандардын экөө кичинекей балдар болгон – бирөө 3-класста окуса, экинчиси төрт жашта болгон.

Жергиликтүү прокуратура бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Өзбекстанда жыл сайын күз-кыш мезгилинде жүздөгөн адам иске ууланып каза болот.

2022-жылы ноябрда 10 күндүн ичинде эле Өзбекстандын аймагында 30 киши, анын ичинде кичинекей балдар иске ууланып каза тапкан.

Количество просмотров: 114