• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Орусияда кармалган тажик активистинин жакындары анын тагдырына тынчсызданууда

24 Тогуздун айы 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

Орусияда кармалган тажикстандык активист Жунайдулло Худоёровдун жакындары анын узак убакыттан бери камакта отурганына тынчсызданууда. Ал төрт айдан бери Ханты-Манси автоном аймагындагы тергөө абагында кармалууда.

Худоёров быйыл 22-июнда аталган автоном аймактагы Березово айылында кармалган. Анда «Озоди» радиосу колуна тийген документке таянып, Жунайдулло Тажикстандын Рашт райондук ички иштер башкармалыгынын өтүнүчү менен кармалганын кабарлаган. Документте Худоёров мекенинде «бейбаштыкка» шектелип жатканы жазылган.

Активисттин жакындары учурда адвокаттар анын Тажикстанга экстрадицияланышына жол бербөөгө жана Орусияда ага качкын макамын алып берүүгө аракет кылып жатышканын билдиришти.

Августта адвокат Хан-Герей Разов Тажикстандын президентине жана башкы прокуратурасына кат жолдоп, Худоёровго каршы козголгон кылмыш иштеринин чыныгы себептерин текшерүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары ал Рашт райондук прокуратурасына кайрылып, бул иш боюнча кайрадан тергөө жүргүзүп, анын жыйынтыктары тууралуу кабар берүүнү суранган. Адвокаттын айтымында, мекемеден бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп келе элек.

«Озоди» радиосунун кабарчылары бул боюнча Рашт райондук прокуратурасынан маалымат ала алышкан жок.

Тажикстан менен Орусиянын бийликтери Жунайдулло Худоёровдун кармалышы жана ага козголгон кылмыш иши боюнча эч кандай комментарий бере элек. Буга чейин Худоёровдун сотто тартылган кыска видеосу жарыяланган. Анда ал жээнин өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган кишинин жакындары жазган доо арыздын негизинде кармалганын айткан.

Худоёров 2017-жылы Тажикстанда тыюу салынган «Салафия» кыймылы менен байланышта болгон деген айып боюнча беш жылга эркинен ажыратылган. Анда ал айыптоолорду четке каккан. Бир жыл 10 айдан кийин мунапыс менен эркиндикке чыккан активист Орусияга иштегени кеткен.

Жунайдулло Худоёров менен анын агасы, Социал-демократиялык партиянын Рашт районундагы бөлүмүнүн жетекчиси Фарход Худоёров жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып, бул үчүн далай жолу куугунтукка кабылышканын айтып келишкен.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 94