Бишкек.27.04.2019.Govori.TV
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кырсыктан каза болгон кыргызстандык мигрант Ош облусунун Кара-Суу районунан экени аныкталды.
Маалыматка ылайык, окуя 25-апрелде эски мейманкананын имаратын бузуп жаткан учурда болгон. Экскаватор кулап, ичиндеги айдоочуну басып калган. Ал 36 жаштагы кыргыз жараны экени белгилүү болду.
Кырсык болгон жерге Кыргызстандын Ардактуу консулу барып, окуянын чоо-жайын иликтөөгө жардамдашып, маркумдун жакындарына колдоо көрсөтүүдө.