Калининградда сот 11 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн Өзбекстандын жаранына карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, өткөн жылы августта 59 жаштагы өзбек жараны аялдамага бара турган жолду көрсөтөм деген шылтоо менен кызды мейманкана тарапка алып барган.
«Кыз футболкасын чечүүгө аракет кылган эркекке каршылык көрсөтө баштаганда, ал кыздын бетин тиштеп, велосипедге отуруп качып кеткен», – деп жазылган өкүмдө.
Сот өзбек жаранын «14 жашка чыга элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт.