• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өзбекстанда үч баласын өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

20 Тогуздун айы 2023 15:45 Бишкек Govori.TV

Самарканд шаардык соту 10, 12 жана 13 жаштагы эки кызын жана уулун ашкана бычагы менен өлтүргөн 36 жаштагы жаранды өмүр бою эркинен ажыртты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Ал Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Өзгөчө мыкаачылык менен эки же андан көп адамды атайылап өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Соттун материалдарына ылайык, кылмышкер адам өлтүрүү учурунда баңгизаттын таасиринде болгон эмес.

Коомчулуктун үшүн алган окуя быйыл 16-июнда болгон. Кылмышка шектүү Израилде иштеген аялы менен телефон аркылуу урушуп кеткенден кийин ушундай кадамга барганын айткан.

Маалым болгондой, кылмыштан кийин ал көкүрөгүнө бычак уруп, өз жанын кыюуга аракет кылган.

Количество просмотров: 224