• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Астанада бейтаптарды кордоого айыпталган студент 4 жыл 8 айга эркинен ажыратылды

31 Тогуздун айы 2023 11:32 Бишкек Govori.TV

Астана соту хоспистеги жана балдардын реабилитациялоо борборундагы бейтаптарды кыйноого айыпталган 22 жаштагы медициналык факультеттин студентин 4 жыл 8 айга жалпы режимдеги колонияга кести.

Соттун чечими боюнча, жигит хосписте санитар жана реабилитациялык борбордо физкультура боюнча инструктор болуп иштеп, картаң жана жашы жете элек бейтаптарды дайыма сабап турган. Маалым болгондой, айыпталуучунун күнөөсү видеожазуулар, жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденген.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, жабырлануучулардан кечирим сурады. Жактоочу тарап эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза берүүнү өтүндү.

Сот моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жабырлануучулардын пайдасына эки миллион теңге (4200 доллардан ашык) өндүрүп берүүнү талап кылды.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Жайында жергиликтүү басылмалар Астанадагы медициналык университеттин 5-курсунун студенти хоспистеги улгайган бейтаптарды жана реабилитациялык борбордогу балдарды кордоого шектелип жатканын жазышкан. ЖМКлардын маалыматына караганда, жаш жигит улгайган адамдарда көгөргөн тактар байкала баштагандан кийин хоспистен бошотулган, бирок ал аутист балдардын реабилитациялык борборуна жумушка орношкон.

Астана медициналык университети июль айында 5-курстун студентинин маселеси дисциплинардык кеңеште каралганын, ага диплом берилбей турганын билдирген. 22 жаштагы студентке карата «Кыйноо» беренеси менен тергөө башталып, бир нече айга созулган. Бул иш боюнча сот 19-октябрда башталган. Бул убакыт аралыгында айыпталуучу үй камагында болгон.

Количество просмотров: 132