• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Орусияда «Крокус» иши боюнча дагы бир тажик жараны кармалды

17 Чын куран 2024 9:14 Бишкек Govori.TV

Тверь шаарынын Москва райондук соту Ашуров аттуу Орусиянын жана Тажикстандын жаранын “Коркус Сити Холдогу” терактка айыпталып жаткан бир туугандар Диловар жана Аминчон Исломовдорду жасалма каттоого алуу иши боюнча эки айга камакка алды.

Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ашуров бир туугандар Диловар жана Аминчон Исломовдорду өз үйүндө жасалма каттатып койгон. Соттун корутундусунда кармалган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алганы айтылат.

Диловар менен Аминчон Исломовдор 25-мартта камакка алынган. Аларга террорчулукка көмөктөшкөн деген айып тагылган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бир тууган Исломовдорду кылмыштуу топко теракттын мурда кармалган катышуучусу Шамсидин Фаридуни азгырган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Диловар Исломов терактка шектүүлөр айдап барган Renault унаасынын ээси болуп эсептелет.

Исломовдор аларга тагылган айып негизсиз экенин, чабуул даярдалып жатканы тууралуу маалыматы болбогонун айтып жатышат.

Количество просмотров: 526