• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

«Крокус ситиде» кыргызстандык өспүрүм жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган

24 Жалган куран 2024 10:15 Бишкек Govori.TV

«Крокус сити холлдогу» каргашалуу окуяда 15 жаштагы Ислам аттуу өспүрүм жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калганын орусуялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Ислам концерттик холлдун кийим илген жеринде иштейт.

«Азаттык» ишенимдүү булагына таянып, ал өспүрүм 15 жаштагы кыргызстандык Ислам Халилов экенин жазды.

Мекеме кызматкерлерге чукул кырдаалда эмне кылуу керектиги тууралуу атайын окутуу жүргүзгөн. Мектеп окуучусу ошол эрежелерди эстеп, элди сыртка чыгуучу эшикке багыттоо менен күйүп жаткан имараттан алып чыккан.

«Карасам элдин көбү сыртка чыга турган эшикке бараткан. Бирок айрымдары такыр башка багытка жөнөптүр. Мен алардын баарын кызматчылар чыкчу эшикке алып жөнөдүм. Адам көп болуп, кезекке туруп калышты. Мен «Крокус Экспонун» эшиги тараптан чыгып кетүүгө мүмкүн болорун байкап, элди ошол жакка чакыра баштадым», — деп айтып берген ал.

Количество просмотров: 4946