• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Москвадагы кырсыкта кыргызстандык эки кыздын аты-жөнү каза болгондордун тизмесине кошулду

27 Жалган куран 2024 6:31 Бишкек Govori.TV

Москвадагы “Крокус сити” борборуна кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз — Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошулду. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.



Эдита Жусупова 24 жашта болчу. Ал бир жылдан бери «Крокус холлдун» ашканасында иштеп жүргөндүгү белгилүү болду. Дайынсыз жоголгон экинчи кыз Маиза Гүлжигит кызы 20 жашта болчу. Ал алты айдан бери «Крокус Сити Холлдо» иштеп жаткан. 


Бирок, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ДНК анализинин жыйынтыгы даяр боло электе, аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат таратты. Маалыматка ылайык, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизалары бүтө элек жарандардын маалыматтары камтылган.

Количество просмотров: 2178