• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусияда курулуштагы кырсыктан түбү кыргызстандык жаран көз жумду

23 Бугу 2023 12:30 Бишкек Govori.TV

Россиянын Екатеринбург шаарында 22 – майда курулуш боюнча жер иштери жүрүп жаткан учурда жумушчу кырсыкка кабылган.

Свердлов облусунун прокуратурасынын сайтында чыккан маалыматта айтылгандай, өлүм экскаватордун чөмүчү башына тийгенден улам болгон. Тергөөнүн алкагында прокуратура жер иштерин жүргүзүүдө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого жооптуу адамды аныктады. Көзөмөл органы эмгекти коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча жооптуу кызмат адамдарынын иш-аракеттерине укуктук баа берет.

ЖМКлар ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен, каза болгон адам 1989-жылы туулган, Орусиянын жарандыгын алган Кыргызстандык экенин жазышууда.

Количество просмотров: 93