Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV.
Россиянын Ленинград облусунда Кыргызстандын жараны балдар үйүндө тарбияланып жаткан кызды зордуктоого шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Россиянын басылмалары жазышты.
Өткөн жума күнү акыл-эсинен жабыркаган кызды атасына кайтарып беришкен.
Ал эми 25-февраль күнү шектүү адам камакка алынган. Алдын ала жоромолдорго караганда, кылмышка шектүү адам 22-февраль күнү саат 01:00 чамасында Киров районунда жайгашкан Чыгыш-6 бакчасында 14 жаштагы кызга одоно шылдың көрсөткөн.
Камакка алынган 28 жаштагы шектүү адам расмий түрдө эч жерде иштебейт жана Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорту бар.
Аталган кылмыш иши боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүмүнө (жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоо) ылайык кылмыш иши козголду.