• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусияда мамлекеттик ЖМКларга «Талибанды» тыюу салынган уюм деп атоого тыюу салынды

10 Жетинин айы 2021 11:53 Бишкек Govori.TV

Эл аралык «Орусия бүгүн» маалымат агенттигинин башкы директору жана «Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Дмитрий Киселёв кызматкерлерине «Талибан» кыймылын Орусияда тыюу салынган уюм деп атоого тыюу салды.

Мунун ордуна журналисттер «Талибан» деген сөздү колдонууда «уюм террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкцияларына кабылган» деп жазышы керек болот.

ЖМКлардын билдирүүлөрүнө ылайык, «Орусия бүгүн» холдингинин курамына кирген «РИА Новости» агенттиги менен Russia Today телеканалынын сайты бул жаңы туюндурма колдонулган жаңылыктарды чыгара башташты.

Расмий түрдө «Талибан» Орусияда террордук деп табылган уюмдардын федералдык тизмесине киргизилген.

15-августта дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган «Талибан» радикал кыймылы эч каршылыксыз эле Ооганстандын баш калаасы Кабулду ээлеп алган.

Батыш өлкөлөрү бул кыймылдын бийлигин тааныган эмес. Орусиянын бийлиги деле аны расмий түрдө тааныбаганына карабастан, талибдер менен дайыма жолугушууларды өткөрүп, алардын өкүлдөрүн Москвада кабыл алып келет.

Октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө «Талибанды» террордук уюмдардын катарынан чыгарышы мүмкүн экенин, бирок бул үчүн алгач мындай чечимди БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алышы керек экенин айткан.

Маалымат үчүн: “Талибан” Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Количество просмотров: 318