• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Орусияда миллионердин баласы менен сүзүшкөн кыргыз жаранына сот чечим чыгарды

3 Бирдин айы 2020 17:04 Бишкек Govori.TV

Москвада мотоцикл айдап келе жаткан миллионердин баласы менен сүзүшкөн Кыргыз жаранына сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тастыкташты.

Маалыматта айтылгандай, соттук чечим 29-январда чыккан. 22 жаштагы Исламбек Акбаров 2 жылга эркинен ажыратылган.

“Учурда Акбаров СИЗОдо отурганын эсептегенде ал дагы 7-8 ай камакта олтурат. Ал эми жактоочу апелляциялык арыз даярдап жатат. Анын сот залынан бошотуп алуу аракеттери көрүлмөкчү”, – деди элчиликтен.

Эске салсак, колбаса чыгарган бизнестин ээси, миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр Маруговдун өмүрүн алган кырсык, 2019-жылдын 8-июлга караган түнү Москвада орун болгон.

Анда такси менен мотоцикл сүзүшкөн. Оор абалда ооруканага жеткирилген мотоциклдын айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми таксинин айдоочусу кыргыз жараны экени аныкталып, кылмыш иши козголуп, камакка алынган болчу.

Количество просмотров: 995