Россиянын айрым шаарларында өткөн оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо митингдеринде 3 миңден ашуун адам кармалды.
Укук коргоочулар билдиргендей, кечээ, 23-январда саат 23:43кө карата өлкө боюнча 3068 жаран кармалган. Алардын көбү Москва шаарында — 1167 адам. Андан кийин Санкт-Петербург турат — 466 адам. Новосибирскте да көп адам кармалган — 96.
Балдар омбудсмени Анна Кузнецова кармалгандардын арасында 300дөн ашуун жашы жете элек балдар бар экенин билдирди.