Орусияда өткөн эл аралык мелдеште кыргыз балбандары 11 медаль утту
Орусияда өткөн эл аралык мелдеште кыргыз балбандары 11 медаль утту
17 Бирдин айы 2020 9:33 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары Орусиянын Новокузнецк шаарында өткөн эл аралык мелдештен өлкөнүн куржунуна 11 медаль алып келишти.
Орусиянын Новокузнецк
шаарында 14-16-февраль күндөрү СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Валентин
Олениктин жаркын элесине арналган Бүткүл Орусиялык эл аралык мелдеш өттү. Мелдештин
жыйынтыгында Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары 11 медаль утту.
Алардын алтоо — алтын, 3 күмүш жана 2 коло.