• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Орусияда өзбекстандык 11 жаштагы баланы сабады деп шектелүүдө

11 Бештин айы 202010:12 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургда 11 жаштагы баланы ур-токмокко алуу айыбы менен 36 жаштагы өзбекстандык киши кармалды.

Маалыматка караганда, Өзбекстан ИИМинин мурдагы кызматкери урушуп жаткан балдарды ажыратууга аракет жасап, уулуна болушуп, башка баланын колун сындырган.

Окуя 5-декабрда шаардагы балдар аянтчаларынын биринде болгон.

Айыпталуучунун аялы жабырлануучу жана анын достору 10 жаштагы баласын мурда улуту үчүн кодулап, сабап жүрүшкөнүн билдирди.

Санкт-Петербург соту 8-декабрда айыпталуучуну тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Петербург Тергөө комитетинин маалыматына караганда, ага Кылмыш кодексинин “жашы жете элек баланын денесине атайлап орто даражада жаракат келтирүү” беренеси менен иш козголду.

Количество просмотров: 136