• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусияда жаш кыз зордукталган

7 Тогуздун айы 202412:19 Бишкек Govori.TV


Орусиянын укук коргоо органдары кыргызстандык жарандын 6-кабаттын терезесинен кулаган себебин аныктады.

Окуя Санкт-Петербург шаарында 3-сентябрда түндө Заставской көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

«Фонтанка» басылмасынын маалыматына караганда, полиция «Зордуктоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ошол түнү 22 жаштагы кыргызстандык кызды таанышы зордуктаган. Андан кийин кыз кылмышка шектүүдөн качууга аракет кылып, терезеден секирген.

Оор жарадар болгон кызды кыргызстандык үч жигит унаага түртүп киргизип жатканда, Орусиянын гвардиясынын жоокерлери менен милиция кызматкерлери көрүп калышкан.

Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Количество просмотров: 418