• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Орусиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат Жириновский менен жолугушту

11 Баш оона 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жанында Владимир Жириновский башында турган ЛДПР партиясынын мүчөлөрү тарабынан уюштурулган митингдин жүрүшүндө КРнын РФдагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ЛДПРдин өкүлдөрү менен биргеликте Владимир Жириновскийди жолугушууга чакырды.

Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында балдар оюн-зоок борборундагы окуяга байланыштуу Кыргызстанда болгон кырдаалга көңүл бурушту.

Элчи мындай көрүнүштөр жана чагымчылдык кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул учур күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, бул маселе боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белгиледи.

«Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн экенине макул болушту, демек, мындай окуялар өз ара мамиленин начарлашына негиз боло албайт деген пикирлерин билдиришти», — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы учурдагы эки тараптуу мамилелер өзгөчө достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешти.

Количество просмотров: 1251