• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Орусиядагы Мамлекеттик Думага 5 партия өттү

21 Аяк оона 202117:11 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик Думага шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болду. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, “Бирдиктүү Орусия” партиясына добуштардын дээрлик 50 проценти (49,8) тийди. КПРФ – 19, ЛДПР– 7 жарым проценттен бир аз ашыгырак, “Адилет Орусия” – 7 жарым процентке жакын добуш алды. Думага 2003-жылдан бери алгачкы жолу дагы бир партия – “Жаңы адамдар” кирди.

Бир мандаттуу чөлкөмдөрдө «Бирдиктүү Орусиянын” талапкерлери басымдуу көпчүлүгүндө же 198синде жеңди.

Эске салсак, Орусияда Мамлекеттик Дума жана жергиликтүү кеңешке шайлоо 17-19-сентябрда өтүп, добуш берүүгө келгендер 51 пайыздан ашкан.

Количество просмотров: 231