• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Орусиядагы мобилизация: Ташкенттеги мейманканаларда бош орундар калбай калды

26 Аяк оона 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин чет өлкөлөргө, анын ичинде Өзбекстанга агылган орус жарандарынын көптүгүнөн улам Ташкенттеги мейманканаларда бош орундар калбай калды. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу кабарлады.

Өзбекстандык блогер жана коомдук ишмер Азиза Умарова «Фейсбук» баракчасына орусиялыктардын агымынан улам Ташкенттеги батирлердин ижара акысы жана турак жай баалары жогорулай турганын жазды.

Азырынча Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин өлкөгө канча орус жараны келгени боюнча маалымат бере элек. Ал ортодо социалдык түйүн колдонуучулары орусиялыктардын агымын көзөмөлдөө жана аларга карата конкреттүү эрежелерди киргизүү зарылдыгын жаза башташты.

21-сентябрда Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыяланганын билдиргенден кийин кыска убакыттын ичинде эле орус жарандары визасыз бара ала турган өлкөлөргө авиабилеттер сатылып кеткен.

22-сентябрда Москва-Ташкент каттамына авиабилет баасы дээрлик 9 миң долларга чейин жогорулаганы кабарланган.

«Эгер Ташкентке «Внуково» аэропортунан учам десеңиз билеттер 603 050 рубль болот. Кетүүнү каалагандар өтө көп, суроо-талап чоң. Эртеден бери мага билет таап берүү өтүнүчү менен 200дөн ашык киши телефон чалды», – деп билдирген анда Орусияда авиабилет сатуу менен алектенген ишкер Фарход Темиртирнаков.

Количество просмотров: 100