Россиянын Кемеров облусунда «Л-410» учагы кырсыкка учурап, 7 адам көз жумду. Алардын ичинен экөө учкуч экенин «РИА Новости» жарыялады.
Окуя Журавлево айылында болгон. «L-410» учагы Танай аэродромунан учуп чыккан. Анда жалпы 17 парашютчу бар болчу. Учактын кыймылдаткычынын бири жарактан чыгып, командир авариялык абалда конуу чечимин кабыл алган.