• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусиядан 17 жаран чартердик рейс менен учуп келди

6 Чын куран 202020:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде «Манас» Эл аралык аэропортуна Екатеринбург каттамы менен 17 жаран учуп келди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, калган 12 адам обсервацияга алынган.

«Урал авиакаттамынын» самолету РФтин 35 жараны менен кайрадан Екатеринбургга учуп кетти,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 295