• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Екатеринбургда аял 7 жаштагы уулун 300 миң рублга сатууга аракет кылган

11 Баш оона 2022 17:58 Бишкек Govori.TV

Екатеринбургда оперативдүү кызматкерлер коркунучтуу келишимдин алдын алышты. Аял баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылган. Бул тууралуу “Альтернатива” ыктыярчылар уюму билдирди.

Алар аял тууралуу өз жазылуучуларынын биринен билишкен, деп жазат орусиялык басылмалар.

7 жаштагы бала сатыла турганы тууралуу жарыя соцтармактан табылган.

«Биз дароо бул аял менен кат жазышып, бардык чоо-жайын биле баштадык. Көрсө, аялдын айтымында, анын биринчи никесинен 7 жаштагы уулунан тышкары дагы эки баласы бар. Күйөөсү улуу баласына каршы экенин айтып, карызын төлөө үчүн баласын сатууну чечишкен», — дейт волонтердук уюм.

Тергөөчүлөр Борбор Азиядан келген жаранды камакка алуу өтүнүчү менен кайрылмакчы.

Количество просмотров: 1295