• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Екатеринбургдагы жармаңкеде кыргыз улуттук тамактары жана суусундуктары коюлду

8 Бештин айы 2020 10:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 2020-жылдын 4-декабрында Уралдын борбор шаарынын Тарых аянтында жыл сайын өткөрүлүүчү Рождество жармаңкесинин ачылышына катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Салтка айланган жармаңкеге Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлчүлүгү, шаардын башкармарлыгы, чет мамлекеттердин консулдук мекемелери жана иш-чаранын коноктору катышты.

Жармаңкеде Кыргызстандын Башкы консулдугу улуттук тамак- аштарды, суусундуктарды жана башка даамдарды алып чыкты.

Өзүнүн сөзүндө КРнын Башкы консулу Руслан Бийбосунов иш-чаранын бардык катышуучуларын келе жаткан Рождество жана Жаңы жыл майрамдары менен куттуктады, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди, улуттук тамак-аштарды тартуулады жана аларды даярдоо салттарын айтып берди.

Количество просмотров: 88