• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусиядан Бишкекке Кыргызстандын 963 жараны келди

6 Теке 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-июлда Бишкек шаарына Кыргызстандын 963 жараны 20 автобус менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын алып кетүү үчүн Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик коридор түзүү жөнүндө макулдашуу жетишилген.

Россиядан кыргызстандыктарды кайтарууга өкмөт тарабынан берилген автобустар менен 2 партия жүргүзүлөт. Учурда 533 жаран менен 12 автобустун экинчи партиясы Казакстандын жол кыймылы кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда кыргыз-казак чек арасына келе жатат.

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргызстандын жарандарын россия-казак мамлекеттик чек арасы ачылганга чейин жүрбөөгө чакырат. Россия-казак мамлекеттик чек арасынын пункттарында узун кезек болуп кетишине жол бербөө максатында Москва, Новосибирск жана Екатеринбургдан туруктуу каттап жаткан чартердик каттамдардын саны кыйла көбөйдү», — деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 106