• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Орусиядан келген кош бойлуу 11 аялдан коронавирус табылды

29 Бугу 202010:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-майга карата Кыргызстанда дагы 68 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирүүсү боюнча, жаңы катталган бейтаптардын ичинен 21 учур Россиядан келгендерден табылды. Анын 11и кош бойлуу аялдар болсо, 10у студент.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1662 адамга жетти.

Количество просмотров: 105