• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусиядан кыргызстандык 45 дарыгер жардамга келди 

12 Теке 2020 17:31 Бишкек Govori.TV

Орусиядан Бишкекке 426 кыргызстандык учуп келди. Арасында медицина кызматкерлери да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн «Аэрофлот – Российские авиалинии» компаниясынын учагы менен Орусиядагы ЖОЖдордо окуган кыргыз студенттер, кош бойлуу аялдар, балалуу энелер, операция болгон бейтаптар жана жакындарын жоготкон адамдар да келди.

«Москва — Бишкек каттамы менен КРдин 426 жараны мекенине кайтып келди. Алардын арасында 45 дарыгер бар. Ак халатчандар Кыргызстандагы кесиптештерине коронавирус, пневмония менен жабыркаган бейтаптарды айыктырууга жардамдашат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 108