• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусиялык блогер 40 күндүк эксперименттен каза болду

4 Бугу 2021 14:42 Бишкек Govori.TV

Блогер Виталий Выграновский Абхазияда көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, ал эксперимент үчүн 40 күн бою ачка жүргөн. Ачкачылыктын онунчу күнүндө Орусиянын абасы жакпай, Абхазияга жер которгон. Ачкачылыкты март айында Москва шаарында баштаган блогер жыйырманчы күнүндө организми тазаланып жатканын сезгенин, өтө эле арыктап, күч-кубаты калбай баратканын өзүнүн каналына бөлүшкөн.

Отузунчу күнүндө дене табы көтөрүлүп баштаган. Отуз бешинчи күнүндө абалы оорлоп, көз көз жумуп кетери белгилүү болуп турса да, ачкачылыгын токтоткон эмес. Тилекке каршы, кыркынчы күнү бул дүйнө менен кош айтышкан.

Количество просмотров: 5098