• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Орусиянын 1 генералы, 27 офицери Сирияда мерт кетти

7 Жалган куран 2018 10:19 Бишкек Govori.TV

6-март күнү Сириянын  Хмеймим базасына жакын жерде, конууга даярданып келе жаткан Ан-26 учагы жарылып кетти. Анын ичиндеги 39 адам көз жумду. Алардын арасында  Орусиянын 1 генерал-майору жана 27 офицер, пропорщик бар.   Бул туралуу Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги маалымдады.

«Учак атылып түшүрүлгөн жок. Баардыгы техникалык мүчүлүштүктөрдөн болушу мүмкүн. Учак аэропортко 500 метр калганда жерге кулаган. Бул тууралуу Коргоо министри Сергей Шойгу Президент Владимир Путинге доклад берди»,-деп айтылат маалыматта.

Владимир Путин баардык маалыматтарды чогулттуруп, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты деди, -маалымат катчысы.

Количество просмотров: 2