• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусиянын бир нече шаарында Кыргызстандын консулдук өкүлчүлүгү ачылат

12 Теке 2019 14:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

Россия Якутск, Иркутск, Сургут жана Түштүк Сахалинск шаарларында Кыргызстандын консулдук өкүлчүлүгүн ачууга макул болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган шаарларга жана аларга жакын жайгашкан аймактарга 15-20 миңдей кыргызстандык жарандар катташат. Канцелярияларда автоматташтырылган маалыматтык система (паспорт, жарандык абалдын актыларын каттоо) иштейт.

«2019-жылдын аягына чейин Россиянын аймагында Кыргызстандын 10 дипломатиялык мекемеси ишке берилиши күтүлүүдө. Учурда Россия Федерациясы Кыргызстандын 8 консулдугунда өз ишин жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 13