• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Орусиянын Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга көмөктөшкүсү келет

24 Үчтүн айы 2023 17:24 Бишкек Govori.TV

Орусия Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга катышууну каалайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет келечекте 1860 мегаватт электр энергиясын өндүрө ала турган ГЭСти куруу боюнча мегадолбоорду баштап жатат.

«Эгер ГЭС курулса, өзүбүз колдонобуз. Ал эми катышуучулар курулушка канча салым кошсо, ошончо электр энергиясын алышат. Азыр Орусия дагы бизге кат жазып, кошулуп, каржыламакчы болуп жатат», — дейт Таалайбек Ибраев.

Депутат Мирлан Самойкожо чиновниктен Казакстандын Сенатынын төрагасынын Камбар-Ата ГЭС-1ди Казакстан Республикасы көзөмөлдөйт деген билдирүүсүнө комментарий берүүнү суранды.

«Балким, алар каржылоону көзөмөлдөөнү көздөп жаткандыр. Алар ГЭСти башкара алышпайт. Алар тараптан директорлор кеңешинде бир гана адам болот. Өзүбүз иштетебиз», — деди Таалайбек Ибраев.

Белгилей кетсек, 6-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Количество просмотров: 1202