• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусиянын кара тизмесинде канча кыргыз жараны бар?

22 Баш оона 202412:36 Бишкек Govori.TV

Россиянын кара тизмесинде 76 974 кыргыз жараны катталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Эркинбек Каримов билдирди.

«Бүгүнкү күндө кара тизмеде 76 974 кыргыз жараны катталган, бул 15-июлга болгон маалымат. Азыркы күндө 9901 жараныбызга өлкөдөн чыгаруу чечими каралган. Ал эми 174 адам депортация болгон. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, ушул жарым жылдыктын жыйынтыгы менен кыргыз жарандары катышкан административдик бузуулар боюнча 270 913 учур катталган, бул менин оюмча чоң көрсөткүч. Биз жарандарыбызга Россия тараптын мыйзамдарын сакташы керектигин түшүндүрүүбүз керек», — дейт ал.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Орусияда 400 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.

Количество просмотров: 114