• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орусиянын өкмөт башчысы кесиптештери менен сүрөткө түшүүдө беткабын чечпей койду…

19 Жетинин айы 2021 16:57 Бишкек Govori.TV

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Ереванга келген Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин сүрөткө түшүү аземинде беткабын чечпей койду. Бул тууралуу Армениянын Panorama порталы билдирди.

Жолугушуунун алдында Мишустин Кыргызстандын жана Беларустун өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Андан соң Россиянын премьер-министри Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына барган.

Никол Пашинян, андан кийин делегация башчылары менен кыска сүрөткө түшүү аземинде Михаил Мишустин катышуучулар үчүн зарыл болбосо да беткабын чечкен жок.

«Делегация башчылары беткап кийбей эле койсо болот дешти» деген экертүүгө (ММК маалыматы боюнча Акылбек Жапаровдун), Мишустин: «айта беришпейби» деп жооп берген.

Количество просмотров: 1336