Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн Орусиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө 2 тик учак жана 9 аскердик чалгындоо жүргүзө турган унаа берди.

Аскердик техника кайтарымсыз жардам түрүндө берилди.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргендей, мындай техника тоолуу шарттарда калк жыш жайгашкан жердин шартында, издөө-куткаруу тапшырмаларын аткаруу боюнча мүмкүнчүлүктү жогорулатат.
